Мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалды (фото)

Мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалды (фото)
13-Июнь 2018, Шаршемби, 17:53

Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында мыйзамсыз мергенчилик кылган жаран кармалды. Бул тууралуу zaman.kg маалымат агенттигине Мамэкотехинспекциядан кабарлашты. Такталган маалыматтар боюнча Мамэкотехинспекциянын региондор аралык башкармалыгынын инспекторлоруна Чалдыбар күзөт чек ара кызматынан мыйзамсыз атылган тоо эчкиси туурасында маалымат келип түшкөн. Инспекторлордун ыкчам териштирүүсүнүн негизинде Сибирь тоо эчкиси Панфилов районунун Кайынды шаарчасынын А.С Поляков аттуу тургуну тарабынан атылгандыгы белгилүү болгон.

Аталган жаран мыйзамсыз, эч кандай уруксат кагаздары жок анчылык кылып, корукка алынган жаныбарга кол салган. Жеринде Мамэкотехинспекциянын адистери тийиштүү акты, протоколдорду толтурушуп, аңчылык менен алектенген жарандан түшүнүк кат алышты.

Бүгүнкү күндө атылган Сибирь тоо эчкиси боюнча корутунду алуу үчүн жаныбар Кара-Балта шаардык ветеринардык лабораториясына жиберилди. Ал эми мыйзамсыз аңчылык кылган жарандын ок атуучу куралы тийиштүү укук коргоо органдарына чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди. Лабороториянын чыгарган корутундусунун негизинде материалдар соттун кароосуна жиберилмекчи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!