Бишкек шаардык соту Исаковду эки айга камакта калтырды

Бишкек шаардык соту Исаковду эки айга камакта калтырды
13-Июнь 2018, Шаршемби, 19:15

Бүгүн, 13-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду эки айга камакка алуу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

"Сот азыр чечим чыгарды. Райондук соттун чечими күчүндө калды. Камакка алууга эки негиз бар. Ал сыртка чыкпоо шартын бузса же жаңы айып угузулса. Экөө тең бузулган жок. Ага карабастан Биринчи май райондук соттун чечими күчүндө калтырылды. Бул чечим мыйзамсыз",- дейт Токтакунов.

Эскерте кетсек, 29-майда Бишкек шаарындагы ЖЭБ модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр Сапар Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иш козголгон. Алгач Исаков эч жакка кетпөө жөнүндө жазган тил каттын негизде бошотулган. Кийин 5-июнда Биринчи май райондук соту тергөө аяктаганга чейин Исаков эки айга УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган. Бирок, мыйзамга ылайык, чечим чыккандан кийин 5 күн аралыгында жогорку инстанцияга кайрылса болот. Анын негизинде Исаковдун жактоочулары аны камакка алуу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан.

Ал эми Сапар Исаков УКМКга сурак бергени барган учурларында, ал өзүн коррупцияга аралашпай таза иштегенин жана кылмыш ишин “чектен чыгуу” деп айтып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!