Жерди ижарага алып, турак жай салып алган

Жерди ижарага алып,  турак жай салып алган
14-Июнь 2018, Бейшемби, 11:25

Жети жылдык мөөнөткө ижарага алып, жашылдандырууга арналган жерге Таластын тургуну турак-жай салып алган. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы "zaman kg" маалымат агенттигине кабарлады.

Маалыматка караганда, Мамэкотехинспекциянын Талас региондор аралык башкармалыгынын дарегине Кара Буура районунун акими Б.Сыдыкназаровдон кайрылуу түшкөн. Кайрылууда Кара Буура айылынын тургуну Э..Ботоев аттуу жаран жашылдандырууга алган жер участогуна турак үй, короо-сарай салып алгандыктан текшерип, мыйзамдуулугун аныктап берүүнү суранган. Жеринде Мамэкотехинспекциянын инспекторлору текшерүү жүргүзүп, аталган жаран келишимдин негизинде жерди жашылдандыруу үчүн жети жылдык мөөнөткө ижарага алып, мыйзамсыз турак жай жана сарай салып алгандыгынын аныкташкан. Жерди максатсыз пайдаланган жаранга инспекторлор жерди баштапкы абалына келтирип, мыйзамсыз курулуштурды буздуруу үчүн бир ай мөөнөт беришти. Берилген убакытта коюлган талаптар аткарылбаса мыйзамга ылайык чаралар көрүлөрүн инспекторлор белгилешти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!