Жээнбеков Москва шаарына учуп кетти

Жээнбеков Москва шаарына учуп кетти
14-Июнь 2018, Бейшемби, 11:40

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча бир кундук иш сапар менен Москва шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө, анда эки өлкө ортосундагы кызматташуу маселелерин талкууланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!