Чек арадан 2 тонна “AraxisRachki” конфети кармалды

Чек арадан 2 тонна “AraxisRachki” конфети кармалды
14-Июнь 2018, Бейшемби, 11:59

Аткезчилик жолу менен ташылган 2 тонна“AraxisRachki”конфетти чек арадан кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматы кабарлады.

“ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында Ош областынын аймагынан Республика Өзбекстанда өндүрүлгөн 2001 кг “Araxis Rachki” конфети кармалып алынган” - деп айтылат маалыматта.

Кармалган товардын орточо базар баасы 190 095 сомду түзөт. Кармалган материалдар Ош областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!