Бруцеллез дартын кантип алдын алууга болот?

Бруцеллез дартын кантип алдын алууга болот?
14-Июнь 2018, Бейшемби, 12:17

Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиолог дарыгери Рысгүл Чыналиева "Бруцеллездун алдын алуу" туурасында "Zaman.kg" маалымат агенттигине билдирди.

Бруцеллез дартынын кечиктирилген дарылануусу майыптыкка алып келет.

Бруцеллез – адамдарга ооруган жаныбарлардан жугуучу жугуштуу дарт, таяныч-кыймыл, нерв, жүрөк кан тамыр, заара иштеп чыгуучу жана жыныстык органдардын жабырлануусу менен коштолот. Бул дарт адамга ооруган малдан жана анын эт, сүт азыктарынан (бышырылбаган сүт, чийки сүттөн жасалган каймак, айран, быштак, курут, ошондой эле чала бышырылган эттен (шишкебек, фарщ), жүндү жана терини иштетүү маалында, мал союу учурунда колду жуубай тамактануу кир кол менен тамеки тартуу, ооруган малдын кыгын жер семирткич катары колдонулган жерлерден алынган жашылча-жемиштер аркылуу жугат.

Бруцеллезду оорусун бруцелла таякчалары чакырат. Ооруган мал бруцеллаларды сүт, заара, кан, түйүлдүктүн айланасындагы суюктук менен бөлүп чыгарат.Бруцеллаларысык температуранын таасиринде, кайноо температурасында 5 мүнөт, күн нурунан 3-5 саатта өлөт, сууда 5 ай, топурактын үстүнкү катмарында 4-5 ай, малдын кыгында 120 күн, майда 40-60 күн, сырда 42 күн, быштакта 45-60 күн, туздалган териде 2 ай, жүндө 3-4 ай, тоңдурулган этте 320 күн сакталат.

Бруцеллез адамдан адамга жукпайт

Бруцеллалар организмге тамак сиңирүү жана дем алуу органдары, жаракат алган тери аркылуу кирет.Оорунун жашыруун убактысы 7-30 күнгө чейин созулат. Оору дененин ысышы менен коштолуп, дене табы бирде көтөрүлүп бирге түшөт, чыйрыгуу, дененин тердеши, алсыроо, тамакка табити төмөндөйт боордун жана көк боордун чоноюшу байкалат. Дене табынын көтөлүүсү көп убакытка чейин созулат. Омуртка, тизенин, колдун муундары ооруп, эркин кыймылдоого тоскоол болот. Муундар катып, басуу, кадимки жумуштарды аткаруу кыйындайт. Бул күчөп олтуруп майыптыка алып келет. Оорунун өрчүшү менен аялдарда жана эркектерде жыныстык органдары жабырланып, аялдарда бойдон түшөт, аягы тукумсузка алып келет.

Бруцеллез оорусу аныкталгандан кийин сөзсүз түрдө дарылануусу шарт.

Оорунун белгилери пайда болор замат дарыгерге кайрылуу керек.

Бруцеллез дартын алдын алуу учүн эмне кылуу керек?

Сүттү сөзсүз түрдө кайнатып ичуу менен, каймак, сүзмө, айранды бышырылган сүттөн даярдоо керек. Этти 2 сааттан кем эмес кайнатып же демдеп бышыруу керек. Короодогу малынызды жылына эки жолу ветеринардык текшерүүдөн өткөрүп, өз учурунда бруцеллезго каршы эмдөө жүргүзүңүз! Ветеринардык дарыгерге кайрылып, жаны келген малды каттоодон өткөзгүлө. Мал багууда, союуда, төл учурунда, койдун жүнүн кыркканда халат, клеенка этек жапкыч, резина кол кап, резина өтүк кийип, аларды пайдалангандан кийин үйгө киргизбөө керек. Жумуш бүткөн сон колуңарды самындап жууп, дезинфекциялап койгула. Өздүк гигиенаны сактоо зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!