Парламентте өкмөттүн иши боюнча талаш жаралды

Парламентте өкмөттүн иши боюнча талаш жаралды
14-Июнь 2018, Бейшемби, 13:25

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында бир жарым ай мурда куралган, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт мурдагы өкмөттүн 2017-жылы жасаган иштери тууралуу отчеттун угуп жатканда депутат Максат Сабиров өкмөттүн отчетун талкуу кылбай эле добушка коюну сунуштады.

“Бизге келген материалда отставкага кеткен өкмөттүн эле маалыматтарын кайра окуп чыктык. Ал боюнча биз чечим кабыл алганбыз. Алар отставкага кетти. Анан алардын 80 пайызы кайра эле ушул жерге келди, анан эле биз укканда уктук ошол иш жакшы болгонун. Ошондуктан кайра эле программа айтылып калдык окшойт деп ойлойм. Мындан улам азыркы өкмөттөн эмнени сурайбыз? Суроо-жооп болгондо өткөндөгү нерсенин баарын кайра эле сурайбыз. Анан эмнени эле жазайсыңар деп эле сурабасак, бир ай иштеген өкмөттөн эмнени сураганы жатабыз. Ошондуктан мен айтат элем, комитеттин чечими дагы эске алынсын деп берилип жатат дейт. Бул боюнча бир чечим кабыл алып, бир күн кечке убакытты өлтүрбөстөн ушул нерселерди кабыл алышыбыз керек. Азыр өкмөт башчы отдел кадр болуп отурат, акимдерди кое албай. Ошондуктан буларды эрте кетирели да, иштешсин. Булардан эмнени сурайбыз, кетирсек азыр кетирели. Анткени, азыркы өкмөт башчы 2017-жылы сегиз ай вице-премьер-министр болуп отурган. Ал өкмөттү отчету биз жарабайт, болбойт, жаман иштешкен деп аларды иштен кетиргенбиз, азыр келип алып отчетун угалы деп атабыз. Ушул туура иш болуп жатабы? Башынан туура эмес кылганбыз. Муну мен азыр айтып жатам. Эгерде ошондой кыла турган болсок, анда Мухаммедкалый Дүйшекеевич отставкага кеткен өкмөт менен кошо отчету кабыл алынганда. Анан кайра биз баякы эле суроолорду бербиз. Анан эске алынсын деп, кол көтөрүп кетиребиз”,- деди Сабиров.

Ал эми депутат Сайдулла Нышанов мыйзам боюнча иштөө керектигин белгилеп, ал регламенттин 101-берененин негизинде мамлекеттик органдардын ишин баалоо керектигин айтса, дагы бир депутат Жанар Акаев суроо-жооп болушу керектигин белгиледи.

Ошондой эле депутат Каныбек Иманалиев: “Биринчин баа берүү боюнча, биз мурдагы өкмөттүн очеттуа баа бердик, Баабыз менен кетирдик. Азыркы жаңы өкмөттүн отчеттун маалымат катары эске алабыз. Анан Кыргызстанда мындан өткөн эң чоң жыйын жок. Өкмөт барып иштесин дейт. Өкмөттүн эң чоң жумушу ушул. Бир жылда эки маанилүү күн бар. Ал өкмөттүн отчеттун жана бюджетти бекитүү. Бул Абылгазиевдин отчету эмес, бир жылдагы алты миллион элдин тагдырынын отчету. Социалдык, экономикалык. чарбалык иштин отчету. Ошону токтотолу деген үч-беш кишиге таң калып жатам. Алардын мындан ашкан чоң иши жок. Алар жоопкерчиликти сезсин”,- деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!