Коргоо министрлиги кайра түзүлүшү мүмкүн

Коргоо министрлиги кайра түзүлүшү мүмкүн
14-Июнь 2018, Бейшемби, 15:24

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн 2017-жылы жасаган иштери тууралуу отчеттун угуп жатканда депутат Сайдулла Нышанов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, “Коргоо министрлигин кайра түзүү боюнча пикириңиз кандай?”,- деп сурады.

Өкмөт башчынын айтымына караганда, бул маселе учурда талданып жатат.

“Мен жакында президент менен Беларуссияга барганыбызда байкадым, ал жакка Россиянын коргоо министри Шойгу жана башка Коргоо министрлери барды. Биздин атыбыздан баргандар бирде Генштабтан, бирде Коргоо комитетинен барышат экен. Ошол жерде биздин деңгээл менен алардын деңгээлин, алардын бизге кандай мамиле жасаганын өз көзүм менен көрдүм. Аларда терс мамиле бар экен. Бул боюнча президентке да айттым”,- деди Абылгазиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!