Иманалиев: "Төрт тик учакты Сомалиге ижарага беришеби?"

Иманалиев:
14-Июнь 2018, Бейшемби, 15:59

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар өкмөттүн 2017-жылы жасаган иштери тууралуу отчеттун угуп жатканда депутат Каныбек Иманалиев Коргоо комитеттинин төрт тик учагы ижарага Сомалиге кетип жатканын айтып чыкты.

“Кыргызстанда болгону алты тик учак болсо, анын экөөсү иштебейт. Экөөнү Америкадан, дагы экөөсүн Россиядан жардамга алганбыз. Ошол төрт тик учакты Уганданын фирмасы аркылуу согуш болуп аткан Сомалиге ижарага бермек болуп турат. Кыргызстанга бир тыйын акча түшпөйт, бүт эсептин баары Дубайдагы эсепке түшмөк болот. Мындан биздин дүйнөлүк беделибизге доо кетти, согуш болуп аткан өлкөгө жардам берип атабыз. Экинчиден биз аны Россиядан жардамга алганбыз, үчүнчү өлкөгө берүүгө акыбыз жок. Үчүнчүдөн ошого кол койгон адам жоопкерчиликке тартылыш керек. Бул уят иш. Урматтуу премьер-министр сиз мындай кийин президенттик администрациянын бөлүм башчылары менен кандай кызматташасыз? Алар протоколдук тапшырмалар менен эле 1 млрд сомду бөлдүрө берет экен. Мына ушул тик учак боюнча дагы Алымкожоевге дагы бөлүм башчы протоколдук тапшырма менен төрт тик учакты бөлүп жатат”,- деди Иманалиев.

Бул маселе боюнча өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кетип жаткан тик учактар боюнча дагы териштирүу иштери жүрөрүн, эгерде Кыргызстандын беделине тескери таасир алып келип жатса, аны карап оң жакка чечиш керектигин билдирди
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!