Масалиев:""Начар" деген баа бербесек, эртең оюн болуп кетет"

Масалиев:
14-Июнь 2018, Бейшемби, 17:30

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар өкмөттүн 2017-жылы жасаган иштери тууралуу отчеттун угуп жатканда депутат Исхак Масалиев өкмөттүн ишине “канааттандырарлык эмес” деген баа берүүгө чакырды.

“Бүгүн биз премьер-министрдин отчетун угуп жатабыз, өкмөттүн эмес. Демек бул Сапар Исаков деген жарандын отчету болуп жатат. Ал отчетту азыркы премьер-министр жарыялаган. Бул кагаздар мурдагы премьердин убагында бизге келген. Ошол себептен бааны биз Мухаммедкалык Абылгазиевге берген жокпуз, Сапар Исаковго берип жатабыз. Мен ойлоп жатам, “канааттандылырбасын” деген баа туура болот. Мунун артынан эч кандай маселе чыкпайт. Эгер биз “канааттандырарлык” деп койсок анда кызыктай абалда болуп калабыз. Себеп эртең башкача оюн болуп кетет. Муну эске алып коелу”,- дейт Масалиев.

Айта кетсек, ушул эле жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылы экономикалык өсүш 4,6 пайызды түзүп, болжолдуу көрсөткүчтөн 1,1 пайызга жогорулаганын айткан. Ошондой эле ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 521 миллиард сомду түзүп, экономикалык өсүш бардык тармактарда камсыздалып, өнөр жайдагы реалдуу өсүш 11,5 пайызды түзгөндүгүн кошумчалаган ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!