Боронов менен Азербайжандын элчиси эмнени сүйлөштү?

Боронов менен Азербайжандын элчиси эмнени сүйлөштү?
21-Июнь 2018, Бейшемби, 14:42

Бүгүн, 21-июнда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандагы Азербайжандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджев менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

«Мен сиз аркылуу Азербайжанда Президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен Азербайжан Республикасын куттуктайм. Кыргызстан эки тараптуу өз ара ишенимге жана бири-бирибиздин кызыкчылыктарыбызды сыйлоого таянган эки жактуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө олуттуу маани берет», – деди Боронов.

Боронов соода-экономикалык кызматташтык жаатында ишке ашырылбай жаткан бир топ мүмкүнчүлүктөр бар экендигин, буга байланыштуу экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйналышын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Оруджев Азербайжан саясий диалогду бекемдөөгө, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууга даяр экенин ырастады.

«Биздин өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатууга жана маданий байланыштарды кеңейтүүгө кадам сайын умтулуу менен биздин эки тараптуу мамилелерди жигердүү өнүктүрүү зарыл», – деп белгиледи ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуунун кеңири маселелерин талкуулашты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!