Беш ай ичинде темир жолдо 60 кырсык катталды

Беш ай ичинде темир жолдо 60 кырсык катталды
23-Июнь 2018, Ишемби, 12:25

Соңку мезгилде Кыргызстандын темир жолунда катталган кырсыктардын саны кескин өсүп кеткени байкалууда. “Кыргыз Темир жолу” ишканасы берген маалыматына караганда, 2018-жылдын 5 айында темир жолдо адам фактору менен байланышкан 60 кырсык катталган. Анын ичинен 5 окуядан адамдар оор жаракаттарды алышып, 7 адам көз жумган. 6 факты автоунааларга байланыштуу болсо, 12 кырсык мал жандыктардын темир жолго чыгып алуусунан улам келип чыккан.

Мындан тышкары автомашиналардын көбөйүшү, адамдар атайын өтүүчү көпүрөлөрдөн өтпөстөн темир жолу аркылуу өтүп жаткандыгы башкы себептердин бири. Ошондой эле автоунаалардын айдоочулары жол эрежелерин так сакташпай, темир жол өткөрмөлөрүндө коюлган жол белгилерине маани беришпейт. 2018-жылдын 5 айында автоунаалар менен байланышкан 6 кырсык катталса, анын баары темир жол өткөрмөлөрүндө болгон. Кырсыктын кесепетисинен 3 адам жаракат алып, 1 адамдын өмүрү кыйылган.

Ушул айда эле Москва районунун Беловодское айылында эл ташыган поезд ГАЗ-53 үлгусүндөгү унааны сүзүп, жол кырсыгынын кесепетинен ГАЗ-53 унаасынын айдоочусу каза болгон.

Темир жолдогу кырсыктардын алдын-алуу, профилактикалык иштерди күчөтүү максатында “Кыргыз темир жолу” ишканасы Башкы прокуратуранын алдындагы Транспорттук прокуратурасы, КРнын ИИМне караштуу Транспорттук милициясы менен биргеликте такай иш-чараларды жүргүзүлүп келет.

Эскертип кетүүчү нерсе: поезд автоунааларга окшоп дароо токтоп калбайт. Аны токтотуу 500 метрден 800 метрге чейин созулат. Темир жолу өтө кооптуу аймактардын катарына кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!