“Көмөктөш бол” фонду ишке кирди

3-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Дин аалымдарынын жана маданият кызматкерлеринин катышуусунда кечээ, 2-апрелде «Көмөктөш бол» кайрымдуулук фонду ишке берилди. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, фонддун расмий ачылышына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басарлары Акимжан ажы Эргешов, Жоробай ажы Шергазыев, КМДБ, Бишкек шаарынын казысы Садриддин ажы Маджитов жана ишкерлер катышты. Ар бир катышуучу фонддун ачылышы боюнча куттуктоолорун жана мындан ары өз жардамдарын беришерин айтышып, биргеликте иш алып барууга даяр экендигин баса белгилешти.

Ал эми «Көмөктөш бол» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Юсуп ажы Сайпиевдин айтымында, фонд кайрымдуулук фонд жардамдын ар кандай түрүн кабыл алып, башкысы колу жукалардын мүдөөсүн орундатуу экендигин айтылды.

«Максатым алыскы чек ара өрөөнүндө жашагандарга жардам берүү, илим таратуу, мурас бөлүштүрүүнү жайылтуу жана муктаждарга жардам берүү. Дин аалымдары илим таратуу менен алек болуп, келечек муундарга из калтырып кетүүлөрү керек. Мен дагы мурас илими боюнча окуу жай ачып, мурас бөлүштүрүү жана Ханафий мазхабынын жайылышы боюнча билим берсем деген тилегим бар»,-деди Юсуп ажы Сайпиев.

Муну катар фонддун башкы максаттарынын бири жер-жерлерде атайын урналарды коюп, кийим-кече чогултуп, топтолгон жардамдар борбор калаада ачылган дүкөнгө коюлуп, муктаждарга акысыз берилип турмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!