​“Дунган сулуусу-2017” сынагына кастинг өтөт

3-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Бүткүл дүйнөлүк сулуулар конгресси Кыргызстанда “Дунган сулуусу-2017” сынагын өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бүткүл дүйнөлүк сулуулар конгрессинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Амина Юсурова билдиргендей, сынакка тандап алуу ушул жылдын 3-апрелинде башталып 20-апрелге чейин болот. Ага дунган улутундагы 16 жаштан улуу бардык каалоочу кыздар катыша алат. Сынактын талабына ылайык, катышуучу коммуникабелдүү жана артисттик жөндөмү болууга тийиш.

Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында өткөрүлгөн сынак, дунган элинин маданиятын, салтын жайылтуу максатында өтүүдө. Сынак 20-апрелде Бишкектеги “Кайнар” ресторанында болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!