Бүгүн, 3-апрелде “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин бешинчи жыйыны өттү.
Анда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү өнүктүрүүнүн 25 жылдык "жол картасын" түзүүнү сунуштады. Бул 2040-жылга чейинки убакытты камтыйт.
“Эмнеге биз 2040-жылды тандадык? Анткени, 2040-жылы кыргыз эли убагында Шиберден Азияга чейин аймакты камтыган Улуу Кыргыз Каганатынын 1200 жылдыгы белгиленет. 2041-жылы эгемендүү Кыргыз мамлекетинин 50 жылдыгы белгиленет”-деди мамлекет башчы.
Белгилей кетсек, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 2013-жылы президенттин демилгеси менен түзүлгөн. Бул кеңеш сунуш берүүчү орган катары кызмат кылат. Ага премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңеш фракцияларынын лидерлери, министрлер кирет.