Апрель окуясына арналган көргөзмө ачылды

3-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтына 7-апрель окуясын баяндаган сүрөт көргөзмө ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сүрөт көргөзмө Кыргызстандагы 7-апрель элдик революциянын жети жылдыгына арналып, көргөзмөлөр, хронологиялык маалыматтар камтылган.

Эске салсак, 7-апрель – элдик революция күнү. 2010-жылдын 7-апрелинде кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыккан тарыхый окуя болуп эсептелет. Бул датага карата өлкөдө дем алыш күнү деп жарыяланып, мэрия бир катар иш-чараларды өткөрмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!