III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун билети сатууга түштү

III Дүйнөлүк көчмөндөр  оюнунун билети сатууга түштү
10-Июль 2018, Шейшемби, 11:18

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун (ДКО) салтанаттуу ачылышынын жана жабылыш аземинин билеттери сатууга түштү. Бул тууралуу «Медиа жана PR» жумушчу тобунун Кыргызстандын ЖМК нын өкүлдөрү менен өткөн чогулушунун жүрүшүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун Секретариатынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова билдирди. Айжан Абдесованын билдирүүсү боюнча III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун билеттерин Бишкек шаарынын ( Чүй көч. 96. Киев көч.114), Ош шаарынын (Ленин көч.320) жана Чолпон-Ата (Советская көч.122) шаарындагы Кыргыз почтасынын бөлүмдөрүнөн сатып алса болот. Ошондой эле билеттерди Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун расмий тиркемеси аркылуу алууга болот.

“ Тиркемени Android и IOS платформалары аркылуу да алууга оңой. Кирүү билеттери ар бир адамдын өзүнө гана таандык QR-коду менен айрыкча тактыкта басылган. Билеттерде жеке жактардын жеке белгилери шифр менен жазылган. Анда жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, сүрөтү, паспорттук реквизиттери жана башка белгилер бар. Билетти башка жактарга берүү жана басылган QR-кодду бузууга катуу тыюу салынат. Жогорудагы көрсөтүлгөн эрежелерди сактабоо чыгымды ордуна келтирбестен билетти жокко чыгарууга алып келет”,-деп баса белгиледи А.Абдесова.

Билеттердин баасы боюнча айтып жатып, Абдесова ачылыш аземинин салтанатына кирүү билеттери 400 сомдон 4 900 сомго чейин, ал эми жабылыш аземиники 350 сомдон 3800 сомго чейин болоорун билдире кетти.

Эскерте кетчү нерсе, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи 2018-жылдын 2-сентябрында саат 20: 00мин. Жабылыш аземи 2018-жылдын 8-сентябрында саат 20: 00мин.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун калган иш чараларына кирүү эркин.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Эксперттер эң мыкты үй-бүлөлүк унаалардын тизмегин түзүштү
Эксперттер эң мыкты үй-бүлөлүк унаалардын тизмегин түзүштү
Бактыбаев:
Бактыбаев:"Биздин өлкөдө адамды адам сатууга тыюу салынган"
Бишкекке жаңы 52 троллейбус алынып келинди (видео)
Бишкекке жаңы 52 троллейбус алынып келинди (видео)
Көз жумган кызга iPhone түрүндө эстелик коюлду
Көз жумган кызга iPhone түрүндө эстелик коюлду
Футболчулар калысты сабашты (видео)
Футболчулар калысты сабашты (видео)
27-сентябрь:Тоолуу аймактарда жаан жаашы мүмкүн
27-сентябрь:Тоолуу аймактарда жаан жаашы мүмкүн
“Игра престолов” тартылган жерлер туристтик аймакка айланат
“Игра престолов” тартылган жерлер туристтик аймакка айланат
Ырчы Каныкей кыздуу болду (фото)
Ырчы Каныкей кыздуу болду (фото)
Ибраимов ​“Кыргызстан улуу акындардын жана жазуучулардын мекени”
Ибраимов ​“Кыргызстан улуу акындардын жана жазуучулардын мекени”
Жогорку Кеңеште өлкөнүн акыйкатчысын шайлоо жараяны жүрүүдө
Жогорку Кеңеште өлкөнүн акыйкатчысын шайлоо жараяны жүрүүдө
Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөсүнө кылмыш иши козголду
Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөсүнө кылмыш иши козголду
ЕАЭБ талаптарына туура келбеген күйүүчү май КРга киргизилбейт
ЕАЭБ талаптарына туура келбеген күйүүчү май КРга киргизилбейт
Чолпон Талипбекова пластикалык операция жасаттыбы?
Чолпон Талипбекова пластикалык операция жасаттыбы?
18 млн сомго жакын бюджеттик каражатты ыйгарып алгандар аныкталды
18 млн сомго жакын бюджеттик каражатты ыйгарып алгандар аныкталды
Трамп БУУда эмнелерди айтты?
Трамп БУУда эмнелерди айтты?
Дима Билан жол кырсыгына кабылды
Дима Билан жол кырсыгына кабылды