Сооронбай Жээнбеков Халтмаагийн Баттулганы куттуктады

Сооронбай Жээнбеков Халтмаагийн Баттулганы куттуктады
10-Июль 2018, Шейшемби, 11:36

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганы «Наадам» жана Элдик революция күнү майрамдарына байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда президенттик аппараттан кабарлашты.

«Монголиянын даңктуу тарыхын жана өзгөчөлүү каада-салтын чагылдырган „Наадам“ жана Элдик революция күнү майрамдарына байланыштуу чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыз. Биз кыргыз-монгол мамилелеринин азыр калыптанып калган деңгээлин жогору баалайбыз жана эки өлкөнүн элинин бакубаттыгы үчүн аларды өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө ниеттенебиз. Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагындагы биздин жолугушууну жылуу маанайда эстейм жана Монголиянын делегациясын 2018-жылдын сентябрында кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чыдамсыздык менен күтөм. Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук жана бакубаттык, ал эми монгол элине — тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм», — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!