Мурзабекова: "Кызымдын 3 миң сому менен күн көрүп келебиз"

Мурзабекова:
10-Июль 2018, Шейшемби, 12:20

Аска-зоо болгон ата-энелерибизге ар убак бала бойдон кала беребиз. "Баланын билеги ооруса, эненин жүрөгү ооруйт" деген кеп жөн айтылбаса керек.

Баланын оорусу-эненин оорусу. Бала ооруса эне эки эсеге ооруйт, азап тартат. Индира эже сегиз жылдан бери Даун синдрому менен ооруган кызы менен кошо ооруп, жашап келет.

"Кызымдын 3 миң сом пенсиясы менен күн өткөрүп келебиз”,-деген Индира эже башынан өткөргөндөрүн "Zaman.kg" маалымат агенттигине бөлүштү.

Кызым сүйлөп кетсе экен дейм

- Эки кыз, эки уулум бар. Нарындан болобуз. Үчүнчү кызым Салсабиляны Нарындан төрөгөм. Жакшынакай, ден соолугу чыңдай эле болчу. Убакыт өткөн сайын кызымдын өсүү темпи жайлаганын байкадым. Ал теңдүү балдар басып калганда кызым баспаганда бечел окшойт деп ойлоп жүрдүм. Бир жашка чыкканда туугандарым кызымды ооруканага алып барып көрсөт дешти. Макул болуп ооруканага барып текшерүүдөн өткөн соң кызым Даун оорусу менен жабыркарын билдим. Жал кичи районундагы ооруканага барып текшерилсек, алар да ушул эле диагнозду коюшту. Бул оору тукум кууйт дешет. Бирок күйөөм экөөбүз тарапта тең мындай дарт жок эле. Айтор, себеби белгисиз.

Боюмда бар кезде жокчулуктан кыйналдым

-Боюмда бар кезде сасык тумоо болуп ооруп, акча жок дары алып ичкенге, дарына алганга акчабыз жок учур болгон. Айылдагы дарыгерлер айткан дарыны өз убагында ичиш керектигин айтты. Кайдан, кантип таап ичем. Ошол кезде күйөөм үй курду. Ал жалгыз болгондуктан мен жардам берчүмүн. Антпесе бизге ким жардам берет. Кайненем "Биз деле иштеп жүрүп төрөгөнбүз. Эч нерсе болбой эле”,-деп койчу. Кийин мен да катуу ооруп кызым мындай төрөлүп калды. Куруп жаткан үйүбүз бүткөн жок. Кызым үчүн шаарга келдим. Аны ооруканага көрсөтүп дары менен багып келем.

Кызым сегиз жашта, бирок сүйлөй албайт

-Учурда кызым сегиз жашка толду, бирок сүйлөй албайт. Дааратканага барганды да билбейт. Күнү-түнү жалаяк (памперс) колдоном кээде ага да акчабыз жок. Кызым сүйлөйүн дейт бирок сүйлөй албайт. Бир нерсе айткысы келет бирок айта албай кыйналат. Эне болгондон кийин балаң үчүн жан бергенге да даяр болот экенсиң.

Кызымды шылдың кылып күлүшөт. Келечеги кандай болот?

-Көп ойлоном кызымдын келечеги кандай болот. Эркек баланыкы да көп билинбейт эмеспи. Кыз баланыкы кыйын экен. Ар бир адам жашоодо өз ордун табышы керек да. Кызым теңдүүлөр азыр мектепке барып калышты. Менин көзүм өтсө эмне болуп кетет, же сүйлөй албаса. Ансыз да араң басат. Кудайдан ушул кызым сүйлөп кетсе экен деп тилейм. Кээ бир түшүнбөгөн адамдар бар. Кызымды ойнотуп алаксытканы үйдүн жанындагы балдар аянтчасына алып келсем, көрүп жашын сурайт. Сегизде экенин айтсам "эмне сүйлөбөйбү кызың? Кичине көрүнөт го",-дешет. Бул да кудайдын сыноосу деп өзүмдү алдап, көзүмө жаш толот. Ошондон улам келечеги кандай болот деп көп ойлоном . Жок дегенде сүйлөсө менин көзүм өткөндөн кийин жашап кетет эле.

Өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатсам дарыгер 20 миң сом сурап...

-Мындан 3 жыл мурун катуу ооруп жыгылдым. Ал кезде Нарында жашачубуз. Күйөөм үйдө жалгыз иштечү. Катуу ооруп жыгылганда күйөөм жок эле. Кайыненемдер коңшу көчөдо жашашчу. Улуу балам аларды чакырып, мени ооруканага алып барышмакчы болду. Тез жардам чакырса келбей 3 сааттан кийин келген экен. Нарындын ооруканасына алып барганда дарыгерлер көрүп “Бул келиниңер өлөт. Сөздүн ачыгы комага түшкөн адам турбайт. Силер андан көрө барып үйүңөрдү даярдагыла. Сойгонго малыңарды камдагыла",-деген экен. Ошондо бир гана күйөөм “Жок өлбөйт жашайт, Бишкекке ооруканага алып барам”,-десе дарыгерлер 20 миң сом бер, Бишкекке жиберели дешкен экен. Өкүл атабыздан ал акчаны алып берип борбордогу ооруканага Нарындан бир врач кошуп берип жиберишиптир. Ошентип 5 күн комада жаттым. Кудай мындайды эч кимге көрсөтпөсүн (ыйлап). Комада жатканымда күйөмөн башка эч ким караган жок. Бардык нерсеге ошол жакын адамың түтөт экен.

Менингит деген диагноз коюшту

- 5 күн дегенде комадан ойгонуп, эсиме келдим. Балдарымды ойлодум. Баягы оорукчан кызымды ойлогондо жүрөгүм ооруй түшөт. Ошентип дарыгерлер диагноз чыгара алышпай, кыр аркадагы жүлүндөн суу алып, менингит деген диагноз чыгарышты. Ошол күндөн тарта кызым экөөбүз тең оорукчанбыз. 3 жыл болду. Жокчулуктун азабынан кызым да, өзүм да доктурга көрүнө албай жүрөм. Күйөөмдүн жалгыз иштеп тапканы эч нерсеге жетпейт. Туруктуу иши жок. Бирде жумуш болсо, бирде болбойт. Кээде суу ичип калган күнүбүз болот. Бирок ошого да шүгүр. Мен иштейин десем кызымды ким карайт? Жалгыз бой иштеген жолдошума деле убал. Тамак ашыбызга кийим кечебизге, батирибизге жеткире албай кыйналып келет. Мен тарткан азапты, ооруну, кыйын жашоону башка энелерге туш кылбасын. Балдарыбыз эч качан оорубасын. Кызым ооруганда дүйнөмдү караңгы каптагандай туюлат (ыйлап).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!