Бак-дарактарды кыйган пансионатка чара көрүлдү (фото)

Бак-дарактарды  кыйган пансионатка чара көрүлдү (фото)
11-Июль 2018, Шаршемби, 10:03
Чолпон-Ата,Балыкчы, Ысык-Көл жана Тоң районун тескеген Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу фактысын аныктады.

Такталган маалыматтар боюнча Кара-Ой айылындагы “Сосновая роща” пансионатын текшерүү маалында Мамэкотехинспекциянын инспекторлору жана Ысык-Көл РИИБнын Ыкчам тергөө кызматы тарабынан жалпысынан 18 мажүрүм тал жана теректер кыйылганы ачыкталган.

Ошондой эле аталган пансионатын кызматкерлери өз билемдик менен эч кандай уруксат берүүчү документтери жок септик казып алышкан. Жеринде инспекторлор тиешелүү чара көрүү акт, протоколдорду толтурушту.

Эскерте кетсек, "Сосновая роща" эс алуу жайы саркынды сууларды тазалоочу курулмасы жок болгондугу үчүн Мамэкотехинспекция тарабынан ишмердүүлүгү токтотулган.







Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!