Өмүрбекова: "Балдарды мектепке чейин өнүктүрүү өкмөттүн көңүл чордонунда"

Өмүрбекова:
11-Июль 2018, Шаршемби, 10:57

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кечээ, 10-июлда Аламүдүн райондук китепканаларына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, балдарды, анын ичинде мектеп жашына чейинкилерге багытталган долбоорлор маанилүү болуп саналат.

Бул китепканалардын базасында балдар үчүн, анын ичинде мектеп жашына чейинкилерге арналган акысыз секциялар жана ийримдер камтылган долбоорлор иштейт. Жай мезгилинде мектеп жашына чейинки бөбөктөр үчүн боз үйлөрдө жайгаштырылган өнүгүү борборлору ишке кирди.

«Өкмөт аймактык саясат Концепциясынын алкагында мындай борборлорду туруктуу негизде уюштурууну пландаштырууда. Облустардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жайкысын мектепке чейинки мекемелерге барбаган же эс алууга чыгууга мүмкүнчүлүгү жок балдар ата-энелери менен биргеликте убакытты пайдалуу өткөрүү үчүн боз үйлөр орнотуу тапшырылган. Бул аркылуу балдарды эрте өнүктүрүүгө ата-энелердин жана коомчулуктун көңүлүн гана бурдурбастан, балдардын китеп окууга болгон сүйүүсүн ойготобуз», – деди Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр ырастагандай, бүгүнкү күндө республика боюнча мындай 50 борбор ачылган. Анда балдар 3-5 саат бою оюндарды ойноп, сүрөт тартуу, окуу, шууру тизүү жана башка чыгармачылык иштер менен алектенишет.

Мындан тышкары Өмүрбекова билдиргендей, Өкмөттүн максаттарынын бири – китепкана ишин өнүктүрүү, мында балдардын чыгармачыл борборлору дагы жайгашуусу үчүн аларга жаңы формат берүү болуп саналат.

«Өлкөдө 1050 китепкана иштейт, алардын 50сү республикалык бюджеттен, калгандары жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Бирок бүгүн маалыматтык технологиялар доорунда, китеп окуу электрондук түргө өтүп жаткандыгын эске алуу менен аларга барбай калганы маселе жаратууда. Буга карабастан, биз балдардын чыгармачыл секцияларын киргизүү аркылуу китепканаларды өнүктүрүүгө ниеттенүүдөбүз. Бул идеяны ишке ашыруу максатында Билим берүү жана илим министрлигине негизги ишинен тышкары балдар менен алектене турган китепканачылар үчүн кыска мөөнөттүү курстардын методикасын даярдоо тапшырылды. Менимче, эгерде баштапкы баскычында биз өлкө боюнча 100 китепкананы ишке киргизсек, анда алардын саны көбөйөт», – деп баса белгиледи ал.

Вице-премьер-министр мындай долбоорлордун туруктуу болуу жана ишине тиешелүү каржылоону алуу мүмкүндүгү изилденип жатканына өзгөчө көңүл бурду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
21-сентябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
21-сентябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
Пакистандын экс-премьери күрөөгө бошотулду
Пакистандын экс-премьери күрөөгө бошотулду
Небересин тирүү көмгөн аял кармалды
Небересин тирүү көмгөн аял кармалды
Макешов: “500 миң сомдук долбоор азыр 500 миң долларлык долбоорго айланды”
Макешов: “500 миң сомдук долбоор азыр 500 миң долларлык долбоорго айланды”
Жээнбеков
Жээнбеков "Астра Солар Технолоджис” ишканасында болду
Учакта жүргүнчүлөрдүн оозу мурду канады
Учакта жүргүнчүлөрдүн оозу мурду канады
Бишкек шаардык кеңешти 29 жаштагы Абиров башкарат
Бишкек шаардык кеңешти 29 жаштагы Абиров башкарат
Мэр бала бакчага күтүүсүз барды (фото)
Мэр бала бакчага күтүүсүз барды (фото)
Марат Джаманкулов Юстиция министри болуп дайындалды
Марат Джаманкулов Юстиция министри болуп дайындалды
Жаӊыл Мамбеталы  Жогорку соттун судьялыгына шайланды
Жаӊыл Мамбеталы Жогорку соттун судьялыгына шайланды
Киркоров жана Басковдон Канье Уэстин клибине пародия
Киркоров жана Басковдон Канье Уэстин клибине пародия
Өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп Шамилбек Асымбеков дайындалды
Өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп Шамилбек Асымбеков дайындалды
 Ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталды
Ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталды
Сарыбашов: Ишкерлерди ар тараптан колдоого даярбыз (фото)
Сарыбашов: Ишкерлерди ар тараптан колдоого даярбыз (фото)
​Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга иш сапар менен барат
​Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга иш сапар менен барат
"Человек на Луне" фильминин акыркы трейлери (видео)