УКМК атайын эсепке алгачкы жолу 95,9 млн сом которду

УКМК атайын эсепке алгачкы  жолу 95,9 млн сом которду
11-Июль 2018, Шаршемби, 13:04

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети коррупциядан түшкөн 95,9 миллион сомду атайын ачылган эсепке которгонун маалымдады.

Жаңы кабыл алынган токтомго ылайык, атайын ачылган эсепке УКМК, ИИМ, Финансы полициясы коррупциядан түшкөн акчаларды которуп турат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акчалай каражаттарды топтоо үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койгон.

«Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтом Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинде каралган процедураларды эске алуу менен кабыл алынган.

Жаңы процедурага жараша, мамлекетке келтирилген зыянды кайтаруудан түшкөн каражаттар атайы эсепте топтолуп, Өкмөттүн чечиминин негизинде гана бөлүштүрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!