Бассейнде ызы-чуу салган УКМК кызматкери иштен алынды

Бассейнде ызы-чуу салган УКМК кызматкери иштен алынды
11-Июль 2018, Шаршемби, 18:33

Бишкектеги турак-үйлөрдүн короосундагы бассейнде чыр чыгарган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитетитин кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Мындай чечим кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгынан кийин чыгарылган.

Буга чейин социалдык тармактарда УКМК кызматкери Панфилов көчөсүндөгү үйдүн жанындагы бассейнде чыр салган видео тараган. Бассейн балдар үчүн арналганына карабастан сууга түшүүнү каалаган. Бул кызматкердин жоругуна чыдабаган кошуналары наарызычылык билдирип чыгышкан.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!