Боронов: "Бензиндин баасынын көтөрүлүшүнө жол бербешибиз керек"

Боронов:
18-Июль 2018, Шаршемби, 14:50

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов күйүүчү-майлоочу майлардын бааларын турукташтыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы маалымдады.

«КММ баасынын өсүүсү калкта мыйзам ченемдүү тынчсызданууну жаратат. Бензиндин баасынын көтөрүлүшү көптөгөн кызматтардын жана товарлардын, анын ичинде азык-түлүктөрдүн кымбатташына алып келет. Биз КММ баасынын кескин көтөрүлүшүнө жол бербешибиз керек», – деди вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Орозбек Алымбеков республикадагы КММ рыногундагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

КММ баасынын негизги өсүүсү 2018-жылдын май айынын аягында июндун башында жүргөн. 2018-жылдын июнунун экинчи жарымынан баштап баанын өсүшү байкалган эмес. Республикабызга мунайзат продуктуларынын көп бөлүгү ташылган Россияда мунайзат продуктуларынын дүң баасынын кескин жогорулашы бир катар факторлорго байланыштуу. Алардын башкысы – мунайзатка дүйнөлүк баанын өсүүсү. Мунайзат сырьесуна баанын дээрлик үзгүлтүксүз өсүүсү азыркы мезгилге чейин уланууда. Май-июнда эле алар 9-10 пайызга өсүп, акыркы 3,5 жылда биринчи жолу 80 долларрдан жогору көтөрүлгөн.

Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Орозбек Алымбеков белгилегендей, майдын чекене баасынын өсүүсүн жыл башынан бери байкалган россиялык мунайзат кайра иштетүү заводдорунда дүң чыгаруу бааларынын ырааттуу өсүүсү шарттаган.

«Эгерде үстүбүздөгү жылдын январынан июнга чейин россиялык рынокто баалардын өсүүсү орточо 6 пайыз болсо, май-июнда дүң баалар 30 пайызга чейин көтөрүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын 6 айында КММ чекене бааларынын өсүү тенденциясы байкалган. Ошону менен бирге 2018-жылдын январь-июнунда республикага 234 миң тонна автомобиль бензини жана 270,5 миң тонна дизелдик отун импорттолгон», – деп билдирди Орозбек Алымбеков.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине КММ бааларынын кырдаалын көзөмөлгө алууну жөндөөнү тапшырды.

«Республиканын аймактарында КММ рыногунда, анын ичинде бензиндин бардык маркаларынын жана дизелдин чекене баасын кошуп туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү керек. Аны менен бирге бааларды түздөө жана КММ баасынын кескин өзгөрүүлөрүнө жол бербөө саясатын улантуу керек», – деп белгиледи ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Президент министр Чыңгыз Айдарбековго тапшырмаларды берди
Президент министр Чыңгыз Айдарбековго тапшырмаларды берди
Алмазбек Атамбаевдин жан сакчылары кыскартылдыбы? УКМКнын жообу
Алмазбек Атамбаевдин жан сакчылары кыскартылдыбы? УКМКнын жообу
Эламан жана Чолпон
Эламан жана Чолпон "Форсаждын" актрисасы менен (видео)
Атамбаевдин жан сакчылары кыскартылды
Атамбаевдин жан сакчылары кыскартылды
Стивен Спилбергтен «Секретное досье» тасмасы
Стивен Спилбергтен «Секретное досье» тасмасы
Бакыт Шаршембиев 9 кылмыш ишинин фигурантыбы? (видео)
Бакыт Шаршембиев 9 кылмыш ишинин фигурантыбы? (видео)
Малы менен тоодо калган чабандар куткарыла элек
Малы менен тоодо калган чабандар куткарыла элек
Окуучуларга танаписте сүйлөшүүгө тыюу салды
Окуучуларга танаписте сүйлөшүүгө тыюу салды
Кыргыз-өзбек чек арасындагы эки тилке макулдашылды
Кыргыз-өзбек чек арасындагы эки тилке макулдашылды
23-октябрь: абанын температурасы +20 градуска чейин жогорулайт
23-октябрь: абанын температурасы +20 градуска чейин жогорулайт
Президент «Депутаттарды таркатуу жөнүндө» жарлыкка кол койду
Президент «Депутаттарды таркатуу жөнүндө» жарлыкка кол койду
“Despacito” ырына Гиннестин рекорддор китебинен жети титул берилди
“Despacito” ырына Гиннестин рекорддор китебинен жети титул берилди
ЭККМК депозиттик эсепке 5 млн сомдон көп акча которду
ЭККМК депозиттик эсепке 5 млн сомдон көп акча которду
Баястан мурда сүйлөшкөн кыздар уялчаак болгонун айтты
Баястан мурда сүйлөшкөн кыздар уялчаак болгонун айтты
Алмазбек Атамбаев Россияга эмнеге барат?
Алмазбек Атамбаев Россияга эмнеге барат?
“Apple” дагы бир жаңылыгын 30-октябрь күнү сунуштайт
“Apple” дагы бир жаңылыгын 30-октябрь күнү сунуштайт