Жээнбеков:"Мигранттар менен иштечү кеңеш түзүү керек"

Жээнбеков:
8-Авг. 2018, Шаршемби, 12:59

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Чолпон-Ата шаарында IV “Мекендештер-2018” форумунун расмий ачылышында сөз сүйлөп жатып, форумдун катышуучуларына өз мекенинде ишкерлик кылууга чакырды.

Ал форум өлкөнүн өнүгүшү үчүн идеяларды талкуулоо жана жаңы демилгелерди алып чыгуу үчүн платформага айланганын айтып, жаңы технологияларды колдонууга убакыт келгенин, мигранттар баалуу жардам бере ала турганын баса белгилеп өттү. Мындан тышкары, «Мекендештер» форумунун идеяларын колдой турганын кошумчалады.

"Дүйнөдөгү Кыргызстандын орду, өлкөнүн кылган иш-аракети өзгөрдү, бул мекендештерди колдоо багытында мыйзамдарды иштеп чыгуу зарыл экенин көрсөттү. Мекендештер менен иштей турган кеңеш түзүү ниетим бар. Аны президентке караштуу кеңеш кылуу максатым бар", -деди Жээнбеков.

Айта кетсек, "Мекендештер форуму" – чет өлкөдө жашаган мекендештердин, бирикмелердин жана кыргызстандыктардын диаспораларынын конструктивдүү диалогу үчүн заманбап аянтча. Ал 2012-жылдан бери эл аралык кызматташтык боюнча швейцариялык бюронун грантынын алкагында Кыргызстандагы эл аралык миграция уюмунун колдоосу менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 2 жылда бир өткөрүлүп келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!