10 шаардын генералдык пландары жасалууда

10 шаардын генералдык пландары жасалууда
8-Авг. 2018, Шаршемби, 14:02

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Чолпон-Ата шаарында «Рух-Ордо» комплексинде өтүп жаткан «Мекендештер» форумунда сүйлөп жатып, ал аймактарды мындан ары өнүктүрүү иштери кийинки жылдары дагы улантыларын белгиледи. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Жыйында Жээнбеков региондорду өнүктүрүүгө артыкчылык берилип жаткан максаттарга токтолду.

"Региондордун бакубатчылыгы — өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнүн маанилүү фактору. Аймактардын мындан ары өнүктүрүү иштери кийинки жылдары дагы улантылат. Жарлыктын артыкчылыктуу багыттары — калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын өнүктүрүү, аймактарда кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, миграцияны кыскартуу", — деп белгиледи президент.

Ал өз аймагынын өнүгүүсүнө локомотив болчу жыйырма шаарды — таяныч точкаларын калыптандыруу аркылуу региондордун өнүгүүсүнө түрткү берүү негизги максат экенин айтты. Азыр бул шаарлардын конкреттүү программалары иштелип жатат. 10 шаардын генералдык пландары жасалууда. Дотациялык аймактарда ачылган жаӊы өнөр жай ишканаларына мүлк, киреше салыктарынан жана жер салыгынан 5 жылдан 10 жылга чейин бошотуу жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилди. Жаӊы түзүлгөн ишканаларды салык жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан текшерүүгө 3 жылдык мораторий киргизүү боюнча чечим даярдалып жатат.

Мамлекет ишкерлерди колдоо максатында мамлекеттик банктар, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Кепилдик фонд аркылуу жеңилдетилген насыяларды алууга жардам берет. Бардык региондордун өнүгүүсү адилеттик менен эске алынат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!