9-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгысекундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37,
Талас жергесинде түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35,
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37,
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,
Нарын дубанында түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +35…+37 градус ысык болот.
Ал эми 10-11-августтарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-августта күндүз 15-20 метрге жетиши күтүлөт.