Жолдун акчасынан 6,5 млн сом "ап" этишкен

Жолдун акчасынан 6,5 млн сом
9-Авг. 2018, Бейшемби, 12:39

Бишкек шаардык прокуратурасы 6,5 миллион сомду “ап” этип алган мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарына 304- (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлагандай, Ак-Ордо жаңы конушундагы салынган унаа жолунун мыйзамдуулугун текшерүүгө алганда Капиталдык курулуш башкармалыгы тендер өткөрүп "М.Г." ачык акционердик коому менен 97 536 900 сомго келишим түзгөнү аныкталат. Бирок, аталган башкармалыктын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып курулуш материалдарынын баасын жана иштин көлөмүн жогорулаткан. Эч кандай долбоордук-сметалык документтер текшерилбестен актылар кабыл алынганы да айтылат.

Бул кыңыр иштин кесепетинен мамлекетке 6 473 437 сом зыян келтирилген.

Алынган материалдар кылмыш ишин андан ары иликтөө максатында тийиштүү органга өткөрүлүп берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!