Абылгазиев: "Натыйжасыз ишканалар жоюлат"

Абылгазиев:
9-Авг. 2018, Бейшемби, 13:47

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишенимдүү башкарууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы долбоорлор үчүн өткөрүп берилүүчү мамлекеттик объекттердин тизмесин түзүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик менчикти башкаруу принциптерине өзгөртүүлөрдү киргизүү иштерин улантуу зарыл.

«Мамлекеттик менчиктеги мүлк калктын кызыкчылыгы үчүн иштеп, киреше алып келиши керек. Учурда мамлекеттик менчиктин саны көп болгону менен, ондогон гана ишканалар рентабелдүү иштеп жана жакшы натыйжаларды көрсөтүп жатышат. Натыйжасыз мамлекеттик ишканалар жоюлуп же ишмердигинин кайтарымын жогорулата турган бизнес өкүлдөрүнө ишенимдүү башкарууга берилиши керек», – деди Абылгазиев.

Премьер-министр айрыкча белгилегендей, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу институтун киргизүү үчүн алардын абалын талдап жана инвесторлорго МЖӨ алкагындагы долбоорлор катары кароого киргизүү зарыл.

«Аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында көрүлүп жаткан кадамдар өлкө экономикасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү компоненттердин бири болуп калат. Бүгүнкү күнү инвесторлор үчүн инвестициялык лотторду түзүү чечими кабыл алынды. Бул чечим бизнес үчүн бюрократиялык жана коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартууну шарттайт. Лотторду түзүү өсүү түйүнү катары тандалган 20 шаарга инвесторлорду тартууга жол ачат», – деп белгиледи Абылгазиев.

Өз кезегинде Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Тулебердиев маалымдагандай, учурда токтоп турган жана жарым-жартылай пайдаланылган имараттардын, курулуштардын, жер тилкелердин саны көп.

«Аларды толук кандуу пайдалануу шарттарын түзүү максаттарында мындай объекттердин тизмеси түзүлгөн, бул биргелешкен ишканаларды ачуу жана башка долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бизнеске сунушталуучу 87 лот. 2018-жылдын сентябрында инвестициялык форум өткөрүү пландалууда, мында биз бардык лотторду сунуштайбыз. Мында инвесторлор аракеттешүүнүн ыңгайлуу механизмин өздөрү тандашат – МЖӨ алкагында иштешеби же ишенимдүү башкаруунун негизиндеби», – деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна айдын аягына чейин ишенимдүү башкарууга жана МЖӨ долбоорлору үчүн өткөрүп берилүүчү мамобъекттердин тизмесин даярдоону тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Мэйвезер Хабиб менен таймашууну суранууда
​Мэйвезер Хабиб менен таймашууну суранууда
Айпери Кубик кызы эмнеден корко турганын айтты
Айпери Кубик кызы эмнеден корко турганын айтты
Бактыгүл Бадыева: Теринин өңүн жакшыртып, иммунитетти чыңдайт
Бактыгүл Бадыева: Теринин өңүн жакшыртып, иммунитетти чыңдайт
96 жаштагы ардагер дүйнөлүк рекорд койду (видео)
96 жаштагы ардагер дүйнөлүк рекорд койду (видео)
Курал Чокоев менен Мээрим Атантаева Россиянын сериалына тартылууда
Курал Чокоев менен Мээрим Атантаева Россиянын сериалына тартылууда
Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген өзбек жараны кармалды
Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген өзбек жараны кармалды
Актриса Асема кош бойлуу экенин сүйүнчүлөдү
Актриса Асема кош бойлуу экенин сүйүнчүлөдү
​Африка Кубогун Алжир курама командасы жеңип алды
​Африка Кубогун Алжир курама командасы жеңип алды
Ырчы Анжеликага ким унутулгус гүлдесте белек кылды?
Ырчы Анжеликага ким унутулгус гүлдесте белек кылды?
ЕРӨБ Токтогул ГЭСин реаблитациялоого каражат бөлөт
ЕРӨБ Токтогул ГЭСин реаблитациялоого каражат бөлөт
​“Эл аралык бокс күнү”: Кызыл аянтта рекорд жасалат
​“Эл аралык бокс күнү”: Кызыл аянтта рекорд жасалат
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды