Бишкекке жаңы 37 троллейбус келди (фото)

9-Авг. 2018, Бейшемби, 13:50

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен Орусия жана Белорусия өлкөлөрүнөн жаңы троллейбустар келди. Бул тууралуу шаардык мериянын маалымат кызматы кабарлады.

“37 жаңы троллейбус “Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү” долбоорунун алкагында алынып келди”, – деп айтылат маалыматта. Анын он беши Белорусиядан, калган жыйырма эки троллейбус Орусия өлкөсүнөн келген.

Азыркы күндө заводдун адистери “Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгы” муниципалдык кызматынын айдоочуларына окутуу иштерин жүргүзүп жатат.

Борборубузда жол оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу жаңы келген троллейбустардын дээрлик 70 пайызы ишке киргизиле элек
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!