Бүгүн, 9-август күнү саат 08:00дө Нарын суусуна чөгүп кеткен жаранды издөө иштерин улантуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министринин куткаруу отрядынан 9 куткаруучу жана Суучулдар кызматынан 3 суучул тартылды.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 4-август күнү саат 15:30 чамасында Нарын суусуна 1988-жылы туулган Б.З. аттуу эркек киши чөгүп кеткен. Ошол күндөн бери куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүүдө.