10-август: абанын табы +39 градуска чейин жетет

10-август: абанын табы +39 градуска чейин жетет
9-Авг. 2018, Бейшемби, 15:23

10-августта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,

Талас жергесинде түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,

Баткен өрөөнүндө түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31,

Нарын дубанында түнкүсүн +9…+14, күндүз +28…+33 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +36…+38 градус ысык болот.

Ал эми 11-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-августта күндүз 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!