Кабарчыга орой мамиле жасаган кызматкер иштен алынды

Кабарчыга орой мамиле жасаган кызматкер иштен алынды
9-Авг. 2018, Бейшемби, 16:16

"Ала-Тоо24" каналынын кабарчысы Бурулай Пусурманкуловага орой мамиле кылган мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустам Бейшеналиев башкармалыктын 2018-жылдын 9-августундагы №22-л буйругуна ылайык жумуштан бошотулду. Бул маалыматты мэриянын басма сөз кызматы тастыктады.

Аталган кызматкер Мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын Этика кодексинин №5 беренесин так аткарбагандыгына, ошондой эле этиканын нормасын сактабагандыгына байланыштуу комиссиянын тыянагы менен бошотулган.

Эскерте кетсек, кабарчы Бурулай Пусурманкуловага мэриянын кызматкери адамдын кадыр-баркына шек келтирген сөздөр менен сөгүп, орой мамиле жасаган видео тараган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!