Памирдеги кыргыздарды колдоо маселелери талкууланды

Памирдеги кыргыздарды колдоо маселелери талкууланды
10-Авг. 2018, Жума, 10:23

Кечээ, 9-августта Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев менен Афганистандын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мохаммад Иса Месбахтын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сүйлөшүүлөрдө тараптар кыргыз-афган мамилесин өнүктүрүүнү жана учурдагы абалын талкуулашып, анда маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жаатындагы кызматташууларды тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө көңүл бурулду. Чоң жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүү, ошондой эле алдыдагы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна афган спортсмендеринин катышуусу тууралуу сөз болду.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар эки тараптуу байланыштарды автивдештирүү, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш сапарлары менен алмашуу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик укуктук базаны кеңейтүү тууралуу маселелерди талкуулашты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!