Көчмөндөр оюндарына кайсы өлкөдөн канча спортчу катышат?

Көчмөндөр оюндарына кайсы өлкөдөн канча спортчу катышат?
10-Авг. 2018, Жума, 10:39

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 53 өлкөдөн 1 миң 946 спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Спортчулар катышууга даяр экенин электрондук аккредитация аркылуу билдиришкен. Оюнчуларды каттоо 31-июлда жыйынтыкталган.

Кайсы өлкөдөн канча спортчу катышат:

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга билдирме берген көп спортчулардын саны Кыргызстанга таандык.

Кыргыз өлкөсүнөн 458 спортчу, Орусиядан 235 спортчу, Казакстан-195, Өзбекстан-108, Пакистан-91, Иран-92, Түркмөнстан-65, Индия-64, Ооганстан-62, АКШ-58, Тажикстан-55, Украина-46, Кытай Эл Республикасы-37, Шри-Ланка-34, Монголия-21, Франция-19, Польша-23, Беларусь-17, Болгария-17. Калган өлкөлөрдөн 16дан спортчу келет.

Катышуучулар спорттун 37 түрүндө күч сынашат. Жалпы 549 медаль ойнотулат (174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло). III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фонду 26 миллион сомду түзөт. Оюндар 2-8-сентябрь аралыгында өтөт.

Эскерте кетчү нерсе, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи 2-сентябрда саат 20:00дө башталат. Жабылыш аземи 8-сентябрда саат 20:00дө болот.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун калган иш-чараларына кирүү эркин.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!