Таласта эркек адамды зордуктоого шектелген жигит кармалды

Таласта эркек адамды зордуктоого шектелген жигит кармалды
10-Авг. 2018, Жума, 12:19

Талас облусунун 37 жаштагы тургуну эркек кишини зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу кечээ, 9-августта Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жон-Арык айылындагы 38 жаштагы эркек адам 7-август күнү болжол менен түнкү саат 23:30 чамасында аны эркек киши зордуктап кеткенин айтып милицияга кайрылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" беренеси менен иш козголуп, кылмышка шектүү катары аталган облустун Кызыл-Туу айылынын 37 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Жабырлануучу менен шектүү - экөө тең үй-бүлөлүү жарандар. Азыркы убакта тергөө иштери башталды. Ал эми кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы сотто каралып жатат", - деп айтылат маалыматта.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!