«Кыргыз лото»: "Toyota Camry 70" унаасы ойнотулат

«Кыргыз лото»:
10-Авг. 2018, Жума, 12:48

«Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасы «Кыргыз лото» брендинин алдында «Ала-Тоо» лотереясынын биринчи нускасын чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекеттик лотореянын негизги милдети атамекендик спортту, маданиятты, билим берүүнү, илимди, искусствону өнүктүрүүгө аракеттешүү жана Өкмөттүн социалдык программаларын ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Лотереялык билеттер Кыргызстандын бүтүндөй аймагында сатылат. Биринчи нусканы ойнотуу 31-августунда саат 20:00дө «ЭлТР» каналында болот.

«Кыргыз лото» лотереясын биринчи ойнотуунун байгелеринин арасында 2018-жылы чыккан «Toyota Camry 70» унаасы, 10 iPhone X смартфону, башка баалуу жана акчалай белектер бар.

Эскерте кетсек, лотереялык билеттин баасы 100 сом турат. Билеттерди кайдан сатып алууга болот, лотереянын түрлөрү, оюндун эрежелери, ошондой эле башка кеңири маалыматтарды www.kyrgyzloto.kg компаниясынын сайтынан билүүгө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!