Чукул кабар: Бишкекте жардыруу болду

Чукул кабар: Бишкекте жардыруу болду
10-Авг. 2018, Жума, 14:04

Бишкектин Рыскулов менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жарылуу болду. Жергиликтүү тургундарга катуу жарылуунун үнү угулган. Азыркы учурда окуя болгон жерди милиция курчоого алып, саперлор иштеп жатат. Алдын ала маалыматка караганда, жардыруу - Орусиялык жеке ишкерге кол салуу аракетинде болгон. Жардыруудан адам курмандыгы катталган жок. Ишкер колунан жеңил жаракат алгандыгына байланыштуу аны тез жардам кызматы ооруканага алып кеткени айтылууда.

Кошумча маалымат берилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!