Кыргызстанга Сауд Аравиясынын инвесторлору кызыгат

Кыргызстанга Сауд Аравиясынын инвесторлору кызыгат
10-Авг. 2018, Жума, 15:03

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сауд Аравия Королдугунун Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы эки жактуу мамилелер саясий сүйлөшүүлөрдү, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну эки достош элдин кызыкчылыктарында өз ара пайдалуу негизде өркүндөтүү жолу менен өнүгүүдө.

«Эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну мындан аркы кеңейтүү үчүн бизде бардык негиздер бар. Ошону менен бирге туризм тармагында өз ара аракеттешүү жана инвесторлорду тартуу эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири болуп саналат. Учурда биздин республикага араб өлкөлөрүнөн келген туристтердин көп бөлүгүн Сауд Аравия Королдугунан келген туристтер түзүшөт», – деп баса белгиледи Абылгазиев.

Өз кезегинде Абдурахман бин Саид Аль-Жума өлкөлөрдүн ортосундагы өнөктөштүк жана өз ара сый-урматка негизделген ар тараптуу кызматташууну канааттануу менен белгиледи.

«Сауд Аравиясы конструктивдүү сүйлөшүүлөргө дайыма даяр жана Кыргызстан менен өз ара пайдалуу негизде тыгыз аракеттешүүлөрдү өнүктүрүүнү улантуу ниетинде. Кыргызстанга Сауд Аравиясынын инвесторлору кызыгышат, алар келип, бул жакта иштөөгө даяр. Сиздин сөздөрүңүздү ырастап белгилеп кетким келет, үстүбүздөгү жылдын июнь-июль айларында эле Сауд Аравиясынан 7 миңдин тегерегинде турист келген. Мындай оң динамика эки жактын кызыкчылыктарына тең жооп берет деп ишенем», – деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө Араб координациялык топторунун алкагында буга чейин макулдашылган социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну кошуу менен катар маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Президент министр Чыңгыз Айдарбековго тапшырмаларды берди
Президент министр Чыңгыз Айдарбековго тапшырмаларды берди
Алмазбек Атамбаевдин жан сакчылары кыскартылдыбы? УКМКнын жообу
Алмазбек Атамбаевдин жан сакчылары кыскартылдыбы? УКМКнын жообу
Эламан жана Чолпон
Эламан жана Чолпон "Форсаждын" актрисасы менен (видео)
Атамбаевдин жан сакчылары кыскартылды
Атамбаевдин жан сакчылары кыскартылды
Стивен Спилбергтен «Секретное досье» тасмасы
Стивен Спилбергтен «Секретное досье» тасмасы
Бакыт Шаршембиев 9 кылмыш ишинин фигурантыбы? (видео)
Бакыт Шаршембиев 9 кылмыш ишинин фигурантыбы? (видео)
Малы менен тоодо калган чабандар куткарыла элек
Малы менен тоодо калган чабандар куткарыла элек
Окуучуларга танаписте сүйлөшүүгө тыюу салды
Окуучуларга танаписте сүйлөшүүгө тыюу салды
Кыргыз-өзбек чек арасындагы эки тилке макулдашылды
Кыргыз-өзбек чек арасындагы эки тилке макулдашылды
23-октябрь: абанын температурасы +20 градуска чейин жогорулайт
23-октябрь: абанын температурасы +20 градуска чейин жогорулайт
Президент «Депутаттарды таркатуу жөнүндө» жарлыкка кол койду
Президент «Депутаттарды таркатуу жөнүндө» жарлыкка кол койду
“Despacito” ырына Гиннестин рекорддор китебинен жети титул берилди
“Despacito” ырына Гиннестин рекорддор китебинен жети титул берилди
ЭККМК депозиттик эсепке 5 млн сомдон көп акча которду
ЭККМК депозиттик эсепке 5 млн сомдон көп акча которду
Баястан мурда сүйлөшкөн кыздар уялчаак болгонун айтты
Баястан мурда сүйлөшкөн кыздар уялчаак болгонун айтты
Алмазбек Атамбаев Россияга эмнеге барат?
Алмазбек Атамбаев Россияга эмнеге барат?
“Apple” дагы бир жаңылыгын 30-октябрь күнү сунуштайт
“Apple” дагы бир жаңылыгын 30-октябрь күнү сунуштайт