11-август: күн ачык болот

11-август: күн ачык болот
10-Авг. 2018, Жума, 17:49

11-августта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38,

Талас жергесинде түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,

Баткен өрөөнүндө түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31,

Нарын дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+24, күндүз +36…+38 градус ысык болот.

Ал эми 12-августта жана 13-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 13-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге жетиши күтүлөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!