Аскердик бөлүктөгү окуяны иликтөө тапшырылды

Аскердик бөлүктөгү окуяны иликтөө тапшырылды
11-Авг. 2018, Ишемби, 11:06

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 10-августта Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Дамир Сагынбаев Мамлекет башчысына Куралдуу күчтөрдүн Кургактагы аскерлердин 73809 аскердик бөлүгүнүн жоокерлерин аскердик кызматта шартталбаган жумуштарга тартуу жана ошондой эле айрым жоокерлердин денесине залал келтирген аскерлер ортосундагы уставдык эмес мамилелер фактылары боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү боюнча маалымат берди.

Кылмыш иши 18-июнда Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан козголду.

Тиешелүү тергөө иш-чаралары өткөрүлүп, жыйынтыктары үстүбүздөгү жылдын август айынын башында даяр болгон сот-медициналык экспертизалар дайындалган.

Тергөө күнөөлүү адамдарды аныктап, учурда аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралып жатат.

Жээнбеков Сагынбаевге мыйзамды жана аскердик тартипти бузууга алып келген, аталган аскердик бөлүктүн командачылары тарабынан жол берилген себептерин жана шарттарын дыкаттык менен иликтеп, бул сыяктуу фактыларды башка аскердик бөлүктөрдө болтурбоо үчүн алдын-ала чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, Аскердик прокуратурага мыйзамга ылайык күнөөлүүлөрдү кылмыш жообуна тартуу боюнча көрсөтмө берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!