Салык кодексине өзгөртүү киргизилет

Салык кодексине өзгөртүү киргизилет
11-Авг. 2018, Ишемби, 11:10

Президент Сооронбай Жээнбеков «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта президенттик аппараттан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, мыйзамдын максаты салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүдө ККМди колдонуу жана пайдалануу тартибин иштеп бүтүрүү жана ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, айыл чарба кооперативдерин түзүүнү жана эсепке алууну иретке келтирүү болуп саналат.

Ошондой эле соода-логистикалык борборлорду жана машина-трактордук станциялардын өнүгүүсүн колдоо, айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн, айыл чарба өндүрүүчүлөр жана айыл чарба кооперативдери үчүн жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 27-июнда кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!