Кыргызстанда “туристтик” милиция түзүлүүдө

Кыргызстанда “туристтик” милиция түзүлүүдө
16-Авг. 2018, Бейшемби, 15:46

Өлкөдөгү туризм саясатын жакшыртуу жана эс алуучу жайларда коомдук тартипти сактоо максатында туристтик милиция жыл аягына түзүлөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитов маалымат жыйында билдирди.

“Ички иштери министрлигинин чечими менен туристтик милицияны түзөлү деп штаттык бирдик берилди. Жакын арада толук түзүлүп бүткөндөн кийин атайын презентациясын өткөрөбүз. Ага чет тилдерди билген кызматкерлер кабыл алынат жана андан башка бир топ талаптар коюлган”, – деди ал.

Ал эми ИИМдин кадрлар башкы башкармалыгын башчысы Элмирбек Солтонгелдиев ИИМдин борбордук аппараттарынын штаттык эсебине оптимизациялоо жүргүзүлүп жатканын белгилеп, жогоруда аталган аппараттардан 625 штаттык бирдиги райондук-шаардык милиция бөлүмдөрүнүн жана айылдык милиция бөлүмчөлөрүн бекемдөөгө берилгенин жана бул оптимизациялонун биринчи гана этабы экенин кошумчалай кетти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!