Президент теолог Кадыр Маликовду кабыл алды

Президент теолог Кадыр Маликовду кабыл алды
17-Авг. 2018, Жума, 17:11

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-августта теолог Кадыр Маликовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Жолугушууда президент Сооронбай Жээнбековдун 19-июлдагы жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуусунда Кадыр Маликов көтөргөн маселелер боюнча маектешүү болду.

Тактап айтканда, мамлекеттик диний саясаттын артыкчылыктуу багыттары, мамлекет менен дин ортосундагы өз ара аракеттенишүү, ошондой эле диний сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу жөнүндө пикир алмашуу болду.

«Кыргызстанда дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу, поликонфессионалдуу коомдун иштөөсү үчүн көп иштер жасалып жатат», — деп белгиледи теология адиси.

Президент диний чөйрөнү мамлекеттик жөнгө салуу өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына ылайык ишке ашырылаарын баса белгиледи. Ал ошондой эле динге карата мамлекеттик саясат мындан ары да бардык конфессиялар үчүн бирдей шарттарды түзүүнүн, ошондой эле диний жана светтик маданияттардын гармониялуу түрдө тынчтыкта жанаша жашоосун камсыз кылуунун негизинде улана турганын белгиледи.

Жолугушууда исламдын позитивдүү дараметин социалдык чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чечүүдө, коомдогу руханий жана адеп-ахлактык чөйрөнү жакшыртууда, кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө пайдалануу зарылчылыгы белгиленди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Муздуу сууда сүзгөндөр бактылуубу? (видео)
Муздуу сууда сүзгөндөр бактылуубу? (видео)
Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг өткөрүлдү
Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг өткөрүлдү
 Кыргызстандын жана Түркиянын ички иштер министрлери жолугушту
Кыргызстандын жана Түркиянын ички иштер министрлери жолугушту
Саламат Садыковадан жаңы ыр “Бул өмүр!” (видео)
Саламат Садыковадан жаңы ыр “Бул өмүр!” (видео)
​Нурмагомедов ММА мушкери Жорж Сен-Пьерди мелдешке чакырды
​Нурмагомедов ММА мушкери Жорж Сен-Пьерди мелдешке чакырды
Назира Айтбекова: Аял сүйбөгөн адамынан тукум улагысы келбейт
Назира Айтбекова: Аял сүйбөгөн адамынан тукум улагысы келбейт
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Жергиликтүү бийлик ордуңарда отурбай, кыймылдагыла"
Армиядагыларга акылдуу телефон алууга тыюу салынды
Армиядагыларга акылдуу телефон алууга тыюу салынды
​Путин Инфантинону Достук ордени менен сыйлады
​Путин Инфантинону Достук ордени менен сыйлады
Эл аралык эне тил күнү белгиленди
Эл аралык эне тил күнү белгиленди
Өрт 69 адамдын өмүрүн алды
Өрт 69 адамдын өмүрүн алды
Эмнелер сиздин энергияңызды азайтып жатат?
Эмнелер сиздин энергияңызды азайтып жатат?
Күлүмсүрөгөн киттин уча турган күнү белгиленди (видео)
Күлүмсүрөгөн киттин уча турган күнү белгиленди (видео)
Алайда 40 жаштагы жаран өзү казып жаткан кудукка түшүп кетти
Алайда 40 жаштагы жаран өзү казып жаткан кудукка түшүп кетти
Кыргызстандын туристтик потенциалы эл аралык аренага чыгат
Кыргызстандын туристтик потенциалы эл аралык аренага чыгат
Леди Гага жигити менен болгон мамилесине чекит койду
Леди Гага жигити менен болгон мамилесине чекит койду