ИИМ: Президентке тийишкен жаран кармалды (видео)

ИИМ: Президентке тийишкен жаран кармалды (видео)
18-Авг. 2018, Ишемби, 14:12

Президент Сооронбай Жээнбековдун кадыр-баркына шек келтирген жана мазактаган сөздөр менен сүйлөп, маңзат менен алектенүүгө уруксат сураган видеодогу “Улан” аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Мындай видео 17-августта социалдык тармактарда тарап кеткен.

Такталган маалыматтар боюнча, видео тараган соң ИИМ менен УКМК кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 17-август күнү саат 22:00 чамасында Бостери айылынын «Ривьера» пансионатына жакын аймакта Бишкектин 28 жаштагы тургуну Улан Азис уулу кармаган. Кармоо учурунда аталган жарандын жанынан 20 грамм наркотикалык зат табылган. Учурда ал убактылуу кармоо жайына киргизилди. Уландын ата-энеси ИИМ кызматына психоневрологиялык диспансерде каттоодо турарын кабарлаган.

Шектүү жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси ("Маңзат же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү") боюнча кылмыш иши козголуп, анын шериктерин кармоо аракеттери көрүлүүдө.

Улан Азис уулунун президенттен кечирим сураган видеосу чыкты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Мэйвезер Хабиб менен таймашууну суранууда
​Мэйвезер Хабиб менен таймашууну суранууда
Айпери Кубик кызы эмнеден корко турганын айтты
Айпери Кубик кызы эмнеден корко турганын айтты
Бактыгүл Бадыева: Теринин өңүн жакшыртып, иммунитетти чыңдайт
Бактыгүл Бадыева: Теринин өңүн жакшыртып, иммунитетти чыңдайт
96 жаштагы ардагер дүйнөлүк рекорд койду (видео)
96 жаштагы ардагер дүйнөлүк рекорд койду (видео)
Курал Чокоев менен Мээрим Атантаева Россиянын сериалына тартылууда
Курал Чокоев менен Мээрим Атантаева Россиянын сериалына тартылууда
Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген өзбек жараны кармалды
Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген өзбек жараны кармалды
Актриса Асема кош бойлуу экенин сүйүнчүлөдү
Актриса Асема кош бойлуу экенин сүйүнчүлөдү
​Африка Кубогун Алжир курама командасы жеңип алды
​Африка Кубогун Алжир курама командасы жеңип алды
Ырчы Анжеликага ким унутулгус гүлдесте белек кылды?
Ырчы Анжеликага ким унутулгус гүлдесте белек кылды?
ЕРӨБ Токтогул ГЭСин реаблитациялоого каражат бөлөт
ЕРӨБ Токтогул ГЭСин реаблитациялоого каражат бөлөт
​“Эл аралык бокс күнү”: Кызыл аянтта рекорд жасалат
​“Эл аралык бокс күнү”: Кызыл аянтта рекорд жасалат
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды