Бишкек ЖЭБ боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы чыгат

Бишкек ЖЭБ боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы чыгат
12-Сен. 2018, Шаршемби, 14:06

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы бир айдын ичинде чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Бишкек ЖЭБ боюнча мурдагыдай эле козголгон 5 кылмыш иши тергелип жатат. Кылмыш иштер боюнча шектүүлөрдүн бардыгына айып тагылган. Кылмышка шектүү катары алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайында.

"Бул кылмыш ишинин алкагында тиешелүү болгон бардык экспертиза жана аудиттик текшерүүлөр жүрүүдө”, - деди Сагынбаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!