Ижарага берүү боюнча аукциондор электрондук форматта жүрөт

Ижарага берүү боюнча аукциондор электрондук форматта жүрөт
12-Сен. 2018, Шаршемби, 15:56

Кыргызстанда 10-октябрдан тартып мамлекеттик мүлктү ижарага берүү боюнча аукциондор электрондук форматта гана жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Адилет Бекбоев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик мүлктү ижарага алуунун келишимин бекитүү укугуна аукционго катышууга документерди кабыл алуу сентябрдын аягында соңуна чыгат. Кийинки айдан баштап бардык процесс etp.okmot.kg порталында жүргүзүлө баштайт.

Ошондой эле буга чейин мамлекеттик мүлктү ижарага берүү системасы жок аукцион татаал болуп келген. Эми бары жеңилдетилген. Бүгүнкү күндө соода аянтчасы аркылуу аларга кайрылбастан эле тийиштүү министрликтер жогоруда айтылган порталдан каттодон өтүп, ижарага бере турган мамлекеттик мүлктү аныктоо менен эле мүмкүнчүлүк түзүлүп берилет. Ошол мамлекеттик мүлктү алам деген жаран же бизнес өкүлү аталган портал аркылуу аукционго катышып, келишимге кол коет. Бул портал аркылуу бир төп жеңилдиктер түзүлгөн.

"Бул портал бизге Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү боюнча чоң рынокту түзүп берди. Бардыгы ачык айкын өтөт. Дүйнөнүн булуң бурчунан мамлекеттик мүлктү ижарага алууну каалагандын бардыгы бул портал аркылуу аукционго катыша алат",- дейт Бекбоев.

"Ошондой эле аталган порталды “Инфо система” мамлекеттик ишканасы жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте иштелип чыкты. Ал түрдүү тышкы таасирлерден корголгон. Атайын сыноолордон өткөн. Бул боюнча кепилдик берилет",- деп кошумчалады ал.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду