Эки миңден ашык светодиоддук чырактар орнотулат

Эки миңден ашык светодиоддук чырактар орнотулат
13-Сен. 2018, Бейшемби, 17:17

Шаардык мэрия кабарлагандай, ушул жылы "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тарабынан иш-чаралар планына оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жана светодиоддук чырактарды орнотуу үчүн Свердлов районундагы 50 көчө киргизилди.

Свердлов муниципалдык администрациясынын маалыматы боюнча, 2018- жылдын 8 айында "Бишкекжарык" ишканасы тарабынан райондогу 27 көчөгө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүү менен бирге 971 светодиоддук чырактар орнотулуп, ал эми калган 23 көчөдө жана "Чыгыш-6" кичи районундагы Сүйүнбаев, Гоголь, Токтогул, Герцен, Москва, Бөкөнбаев, Чокморов, Чуйков, Ибраимов, Шопоков, Үсөнбаев, Абдрахманов көчөлөрүнүн короолорун оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Андан сырткары, райондук бюджеттин каражатынын эсебинен кошумча 310 светодиоддук чырактар №20 МАБдын №5, 6, 7, 8 кварталдарынын 26 көчөсүнө орнотуу үчүн сатылып алынды, ошондой эле Феодосейский, Никитин көчөлөрүндө жана "Чыгыш-5" кичи районундагы №30 үйдүн жанындагы спорттук аянтчасында (воркаут) оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР