Жыргалаң капчыгайында адашып кеткен турист табылды (фото)

Жыргалаң капчыгайында адашып кеткен турист табылды (фото)
13-Сен. 2018, Бейшемби, 17:45

Жыргалаң капчыгайында адашып калган турист табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 12-сентябрь күнү Жыргалаң капчыгайында 1990-жылы туулган Израиль өлкөсүнүн Ш. М.жараны аттуу турист адашып кеткен.

Издөө иш-чараларына ӨКМнин №7 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун 8 куткаруучусу тартылып, 13-сентябрда саат 09:05 туристти табышып, Жыргалаң айылына алып келишкен. Жоголуп кеткен туристтин абалы жакшы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!