Абылгазиев: "Билим аркылуу атаандаштык түзө алабыз"

Абылгазиев:
14-Сен. 2018, Жума, 10:03

Кечээ, 13-сентябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айылындагы орто мектептин ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мекептин ачылыш салтанатында Мухаммедкалый Абылгазиев:«Дүйнөлүк рынокто биз билим аркылуу атаандаштык түзө алабыз, ал өлкөнүн өнүгүүсүнө жана күчтүү болуусуна таяныч болот», – деп айтты.

Өкмөт башчы белгилегендей, билим берүү тутумун өнүктүрүү маселеси президентин тыкыр көзөмөлүндө турат.

«Бүгүн ачылып жаткан мектептер жабдылышы жана окутуу шарттары боюнча шаардык мектептерден кем калышпайт. Аталган мектеп республиканын башка билим берүү мекемелери сыяктуу эле Интернетке кошулат», – деди Абылгазиев.

Премьер-министр билдиргендей, республикалык бюджеттен билим берүү секторуна 30 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнүүүдө.

«Биздин республика көмүртек түрүндөгү жаратылыш байлыктарына ээ эмеспиз. Биздин башкы байлыгыбыз – бул адамдар. Дүйнөлүк рынокто өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жана анын күчтүү болуусуна көмөк берген билим аркылуу гана атаандаша алабыз. Дал ошондуктан ата-энелер балдарынын билим алуусунун маанилүүлүгүн түшүнүүсү зарыл. Статистика боюнча, бизде ата-энелери келечегин ойлобостон, жумушка тартылган 1000ден ашуун бала бар», – деп кайрылды Өкмөт башчы чогулгандарга.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды